Залка Мате
Залка Мате - (өз аты-жөнү Бела Франкль; 23. 4. 1896, Венгрия 11. 6. 1937, Испания) мажар жазуучусу, СССРдеги Гражд. согуштун катышуучусу (1918-20), Испаниядагы улуттук революциялык согуштун (1936-39) баатыры.
Биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) Австрия-Мажарстан армиясында, Италия жана Чыгыш майдандарында салгылашкан. 1920-25-ж. элчилик, чарбалык кызматта болгон. 1936-жылдан Испаниядагы жарандык согушка республикачылар тарабынан катышкан, согушта курман болгон. Аңгемелери 1924-жылдан жарыялана баштаган.
Ал СССРдеги гражд. согуш темасын «Атчан аскер жүрүшү» (1929), «Алмалар» (1934) жана башка чыгармаларында сүрөттөгөн. «Добердо» (1937) романында Биринчи дүйнөлүк согуштун империялык мүнөзүн ашкерелеген.
Кызыл Туу жана Испанияны Бошотуу ордендери менен сыйланган (өлгөндөн кийин).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5