Зарбилик
Зарбилик - Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл өкмөтүнө караштуу. Деңиз деңгээлинен 875 м бийик. жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 10 км түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 15 км. Калкы 1514 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5