Заусенцы
Заусенцы (чамынды кабырчыктар) (французча barbe – сакал) – тереңдетилген гравюра техникасында штихель же ийне менен аткарылган штрихтин четтериндеги металлдын тегиз эместиги. Иш үстүндө чечүүчү атайын аспаптын жардамы менен З-ны тегиздейт, мисалы, оймолоп чегүү техникасындагыдай же мыкты баркыт сымал штрихтин мүнөздүү натыйжасы катары калтырып коёт (бул өзгөчө кургак ийне техникасына тиешелүү).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004