Зергерчиликсалттуу кол өнөрчүлүктө асыл темирлерден кооз буюм жасоо кесипчилик багыты. Зергерчиликтин иштөө ыкмасы (технологиясы) толугу менен элдин жашоо шартына ылайыкталган да, өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Зергерлер өз алдынча устаканада узануудан башка дагы, аспап-куралдарын көтөрүп алышып оокаттуу адамдардын үйлөрүндө дагы буюмдарды шөкөттөшкөн. Зергерчиликтин негизги материалдары асыл темирлер: алтын, күмүш, жез ж. б. болгон, бирок, негизинен күмүш жана жез болуп эсептелген. Зергерчиликтин ыкмалары (күмүшкө карата) – жашытуу, эритүү, сыя төгүү, сиркелетүү (таруулатуу), чапкылоо, көркөм куюу, тердөө, тогуз төбөлөө, кертүү, согуу, эшүү ж. б. Баалуу таштарды, бермет-шуруларды темирдин бетине оюп түшүрүү, үстүнө чөгөрүү. Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө ж. б. жолдору кенен тараган. Адатта асыл темирлердин бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу ж. б. оюмдар түшүрүлгөн. Кыз келиндердин желбирөөч, сөйкө желбирөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар ж. б. у. с. кооз буюмдарын күмүш жана жезден чоюлган ичке зымдар менен эшип, өрүп, бурап кооздошчу.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.