Зере Асылбек – жарандык активист, актриса, ырчы, обончу.

Өмүр баяны түзөтүү

Зере 90-жылдардын соңунда төрөлгөн. Бала кезинен эле тың, эркин, өз оюн ачык айткан, адилетсиздикке кайдыгер карап тура албаган, табиятынан чыгармачыл адам катары калыптанып, чыгармачылыкка жана театр искусствосуна кызыгып өскөн.


Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетине өткөн Archived 2019-09-03 at the Wayback Machine . Студент кезинде эле өз алдынча акча таап, фрилансер болуп иштеген – англис тилинен сабак берчү (түрк, орус, англис жана немис тилдерин билет).

Зере 17 жашынан тарта социалдык долбоорлорго жигердүү катышып, “коомубуздагы аялдарга жана кыздарга болгон адилетсиз мамилени” түп-тамырынан жоюуну жактап келет. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын өлүмү Зеренин чыгармачылыгына өзгөчө таасир тийгизген. 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жараат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Кыргызстанда анын образы – аялдарга каршы зомбулукка жана кыз ала качууга каршы күрөштө символ болуп калды.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Зере Асылбек КМШ өлкөлөрүндө “Кыз” аттуу дебюттук ыры менен таанылган[1]. Ыр видеодогу чагымчыл костюмдун айынан ошол замат чуулгандуу популярдуулукка ээ болгон. Клип чыккандан кийин Зерени коркутуп-үркүткөндөр чыккан. Кийинчерээк маектеринин биринде ырчы хейтке жана коркутууларга даяр болгонун айткан. 2019-жылы Зере бул ырды Женевада Бээжин Декларациясын талкуулоо боюнча БУУнун Жарандык коом уюмдарынын форумунда аткарган.

Учурда “Кыз”, “Meili”, “Ekek”, “Drama Queens”, “Сүйүнчү”, “Apam aitkan” жана  “Жеңеке” аттуу ырлары чыкты. Бардык ырлардын мазмунунда коомдук-саясий темага түрк элдерине кандайдыр бир кайрылуу бар, Зере кыздардын тең укуктуулугу, үй-бүлөлүк зомбулук, сексизм, саясий көз караштар ж.б. тууралуу ырдайт.

Зере феминист катары таанымал жана жарандык позициясын жигердүү билдирип турат.

Учурда (2022-ж.) “Театр 705” театрынын актрисасы, ал жерде феминист курдаштары менен “Менин дүйнөмдө жагдай ушундай” спектаклинде ойношот.

Булактар түзөтүү