Зея дарыясы - Чыгыштагы дарыя, Амурдун сол куймасы. Узундугу 1242 км, алабынын аянты 233 миң км2. Становой кырка тоосунан башталып, төмөнкү агымы Жогорку 3ея түздүгү аркылуу агат. Тукурингра жана Соктахан тоо тизмектери аркылуу өтүп, аскалуу капчыгай 3ея Дарбазасын пайда кылат; мында ГЭС курулган. Селемжанын чатынан төмөн карай Зея-Бурея түздүгү аркылуу агат. Негизги куймалары Селемжа (сол), Гилюй (оң). Орточо чыгымы 1900 м3/сек. Ноябрдан майдын башына чейин тоңот. Зея суу сактагычында жана ГЭСтен төмөн карай кеме жүрөт. Боюнда Зея, Свободный, Благовещенск шаары жайгашкан.

Зея
ОМСР 20030400112118100022394

Колдонулган адабияттар түзөтүү