Зима Борис Михайлович - [20. 8. 1908, Украина, Елизаветград (азыркы Кировоград шаары) 1980, Фрунзе] педагог, тарыхчы, профессор (1972). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1972). Москвадагы тарых философия институтун бүтүргөн (1935). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (194246). КМПИде (1935-42; 1946-51), КМУда окутуучу, доцент, тарых кафедрасынын башчысы, декан болуп иштеген (1951-80). Илимий эмгектери Кыргызстандын тарыхына арналган. Саймалы-Ташка чегилген сүрөт жана оймо-чиймелерди изилдеп, анын табышмактуу сырларын илимий түрдө аныктаган. 3има 40ка жакын илимий эмгектин автору. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Иссык-Кульские жертвенники. Ф., 1941; Из истории изучения наскальных изображений Киргизии//Тр. Ин-та истории АН Кирг. ССР. Ф., 1958. В. 4.

Колдонулган адабияттар түзөтүү