Зинаида чырашы (лат. Eremurus zenaidae Vved. ex (E. Nikit.)) - Чачы тамыр-сабактуу, кыска вегетациялуу өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Тамыры ийиктей-жоон, калыңдыгы 6-7 мм. Сабагы түксүз, бийиктиги 50-80 см. Жалбырактары тамыр моюнчасында, жазы сызгычтай, четкилеринин туурасы 6-30 мм, жазы шынаадай, түксүз, бозомук. Гүл жан жалбырагы ичке үч бурчтай, салыштырмалуу созулуңку-имерилген, сапсайган-тишчелүү. Гүл сабынын узундугу 10-12 мм, мөмөлүктүү, ийилген. Гүл коргонун желекчелеринин узундугу 10 мм, жонунан сыя-күрөң, кырлары ачык-кызгылтым, агыш сымал, гүлдөгөндөн кийин ичин карай ийилген. Кутучасы шар сымал, жылмакай, туурасы 7-8 мм.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөп, июлда мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Фергана жана Алай тоо кыркалары.

Өсүү шарттары түзөтүү

Майда топурактуу, шагылдуу төмөнкү жана ортоңку тоо беттери.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түр өскөн аймактарда адамдын чарбачылык иш аракеттери, жазында мал жаюу, гүлүн үзүп, тамыр-сабактарын казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Иштелип чыкпаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясына иликтөө жүргүзүп, түр кеңири таралган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу.

Статусу түзөтүү

VU. Фергана жана Алай кырка тоолорунун төмөнкү жана ортоңку тоо беттеринде кездешкен эндем.

Колдонулган адабияттар түзөтүү