Зодиак жарыгы - эклиптиканы бойлото созулган жана жылдыздуу асмандын (кеч киргендеги) батышында же (таң алдындагы) чыгышында байкалуучу начар жаркыроо.

Жаркыроо Күндүн айланасындагы чаң бөлүкчөлөрүндө күн нурунун чачырашы менен түшүндүрүлөт. Зодиак жарыгы горизонтту карай кедейип, конус түрүн алат. Горизонттон алыстаган сайын ал конус түрүндөгү жарык начарлап, бара-бара зодиак тилкечесине өтөт. Начар жаркыраган алкактын кеңдиги 10°ка жакын болуп, түнкү асмандын көрүнүшүнөн араң ажыратылат.

Зодиак жарыгын изилдөөдө планеталар аралык мейкиндикте чаңдуу заттардын бөлүнүшү жана алардын чогулмалары жөнүндөгү маалыматтар алынат. Зодиак жарыгы фотометр, спектрдик өлчөөлөрдүн жардамы менен изилденет. Зодиак жарыгын үйрөнүү үчүн Жердин жасалма спутниги менен байкоонун мааниси зор, анткени бул учурда Жер атмосферасы изилдөөнүн натыйжасына таасир этпейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.