Зоопарк же зоологиялык парк — жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү жана төлдөтүү үчүн атайын капаста (мисалы, тордо) же эркин багуучу илимий агартуу мекемеси. Зоопарк зообактарга караганда кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл айбанат багылат. Зоопарк жаныбар дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү менен бирге, табият илимин жайылтуу жана жапайы айбанаттарды коргоо боюнча үгүт, тарбия иштерин жүргүзөт. Ошондой эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан жапайы жаныбарлардын тукумун сактоо чараларын көрөт. Зоопаркта айбанаттардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкмалары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, байырлаштыруу ж. б. боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Окуучулар, студенттер менен окуу тажрыйба иштери өткөрүлөт. Биздин заманга чейин Байыркы Египетте, Кытайда зоопарк болгон. Европада алгачкы зоопарк Венада (1752), Мадридде (1770), андан кийин Москвада (1864), Петербургда (1865) уюшулган. Дүйнөдө 800дөн ашык зоопарк бар. Эң ири зоопарк Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстердамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы тирүү жапайы айбанаттар. Зоопарк жаныбарлардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган.

Булактар

түзөтүү