Зоофагдар - (зоо... жана гр. phagos жеп коюу) башка жаныбарлар менен азыктанган жаныбарлар. Зоофагдарга өз түрү менен азыктанган органпзмдер жана жаныбар мителери да кирет. Азыктын түрүнө жана аны табуу жолуна карай зоофагдардын жашоо түрү жана алардын морфологиясы жана этологиясы (жүрүм-туруму), байырлоосу ар кандай. Активдүү жырткычта табылгасын кармоо, өлтүрүү, кыймылдоо жана сезүү органдары күчтүү өөрчүгөн. Фитофагдарга (өсүмдүк менен азыктануучулар) караганда алардын азык сиңирүү жолу кыска болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү