Зоохория - (зоо... жана гр. Лбгөб алга барам, таралам) өсүмдүк уругунун жана мөмөсүнүн жаныбарлар аркылуу таралышы. Зоохория эпизоохорлор, эндозоохорлор жана синзоохорлор болуп үчкө бөлүнөт. Эппзоохорлор уругундагы, мөмөсүндөгү илгичтери же илээшкек заттарынын жардамы менен жаныбар терисине, жүнүнө жабышып таралат. Эндозоохорлор жаныбарлар ширелүү, эттүү мөмө-жемиштерди жегенде, уругу азык сиңирүү жолунда сакталып, башка жерге түшөт. Синзоохорлор жаныбар урукту, мөмөнү кышка камдоо үчүн башка жакка ташыганда урук таралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү