Зор Кумтөр мөңгүсүАлай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 6,4 км2, көлөмү 0,34 км2.

Акбуура суусунун жогорку агымы Кичи Алайдын (чыгыш) алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4980 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Абляция облусунун аянты 3,2 км2. Фирн облусу жайык төрдү ээлейт. Кийинки жылдары мөңгүнүн 2,5 км2дей аянты эрип кеткен. Азыркы мезгилде да тынымсыз тартылууда. Мөңгүдөн Кичи Алай (чыгыш) суусунун оң куймасы – Зоркумтөр башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2