Зор жылдыздар - Күндөн көп эсе чоң жылдыздар. Бардык жылдыздар кысуучу гравитация күчүнө дуушар болот. Бирок алар тез кысылышпайт, себеби гравитацияга жылдыз затынын басым күчү каршылык көрсөтөт. Жаш жылдызда ядролук реакция башталбайт жана өзүнүн гравитация таасиринен кысылып тыгыздалышы энергия булагы катары кызмат кылат. Себеби потенциалдык энергия азайып, жылуулук энергиясына өтөт. Зор жылдыздардын борбордук бөлүгүндө температура өтө чоң болгондуктан, гелий ядролорунун арасында реакция башталат. Андан көмүртек пайда болот да, көп жылуулук бөлүнөт. Кадимки жылдыздардын борборунда жүргөн ядролук реакцияда суутек гелийге өтөт. Бардык суутек гелийге айлангандан кийин жылдыз тез өзгөрө баштайт. Жылдыз чыгарган энергия көп эсе чоңоюп, жылдыз өлчөмү өсөт да, кызыл зор жылдыздарга айланат. Борбордук бөлүгүндөгү температура 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, гелийден турган ядродо көмүртекке айлануу реакциясы башталат. Өнүгүүнүн андан аркы этабында зор жылдыздардын тышкы катмарлары түртүлүп, учуп кетиши мүмкүн. Жылдыз дагы кысылып жай муздоочу ак кидикке айланат. Ушундай «тагдырга» биздин Кун да туш болушу мүмкүн. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидик стадиясында кысылууну андан ары токтото албай, нейтрон жылдыздарына айланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү