Зоя чырашы (лат. Eremurus zoae), (Vved.) - Чачы тамыр-сабактуу, кыска вегетациялуу чөп өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Сабагы, түксүз, бийиктиги 25-40 см. Жалбырактары сызгычтай, шуштугуй, туурасы 5-6 мм. Гүл тобу көп гүлдүү, цилиндрдей. Гүл жан жалбырактарынын түбү жазы үч бурчтуу, жогору жагы учтугуй, гүл сабынан узун, узундугу 1,5-2 см. Коңгуроодой гүл коргонунун желекчелери сары, көрүнгөн тарамыштуу, узундугу 15-16 мм. Кутучасы жылмакай, шар сымал.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелң-майда гүлдөп, майда мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргыз тоо кыркасынын түндүк капталынын Ысыката жана Кегети капчыгайларынын аралыгында учурайт.

Өсүү шарттары түзөтүү

Гипстелген топурактуу тоо беттеринин төмөнкү алкактарында өсөт.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түр өскөн аймактарда адамдын чарбачылык иш аракеттери, жазында мал жаюу, гүлүн үзүп, тамыр-сабактарын казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Иштелип чыкпаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясына иликтөө жүргүзүп, түр кеңири таралган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу.

Статусу түзөтүү

VU. Кыргыз тоо кыркасынын сейрек, чукул кездешкен эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү