Зуев Юрий Алексеевич, совет жана казак синологу, түрколог, тарыхчы, 1932-ж. Тьюмен шаарында интелигенттердин үй бүлөсүндө туулган. Ленинград Мамлекеттик университетинде билим алып, байыркы кытай тилин мыктылап окуп-үйрөнгөн. 1955-ж. Окууну аяктагандан соң, Казак ССРинин Тарых, археология жана этнография институтуна жиберилген. 1967-ж. “Древнетюркские генеалогические легенды как источник по ранней истории тюркских народов" деген темада илимдин кандидаттык диссертациясын коргогон. Бул диссертация аркылуу байыркы түрктөрдүн социалдык-саясий тарыхы боюнча бир катар илимий ачылыштарды жасаган. Ашина уруу аталышынын (этнонимиинин) этимологиясы тууралуу пикирин сунуш эткен. прошлое тюркских племен, предложила гипотезу о этническом триумвирате Ашина-Ашидэ-Басмыл этникалык триувиратынын гипотезасын айткан. Ал Казак ССРинин саясий-экономикалык ж.б. тарыхын жазуу менен бирге академиялык басмалардын жазылышына жана чыгышына катышкан. Батыш Түрк кагандыгынын доорундагы этникалык абал жана алардын кыймылы, Монгол жапырыгы (10-12 кк.) ж.б. илимий маселелерди көтөргөн. Түргөш каганатынын генезиси, этникалык курамы жана саясий тарыхы боюнча илимий эмгектери белгилүү. Ю.А.Зуев кийнчерээк бир катар илимий монографияларды жарыкка чыгарган. 40 ашуун илимий эмгектерди жарыялаганы белгилүү. 2006-ж. 5-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Негизги эмгектери түзөтүү

  • Древнетюркские генеалогические предания как источник по ранней истории тюрков. Автореф. дисс. ... канд. ист. наук, Алма-Ата: 1967.
  • Сармато-аланы Приаралья (Яньцай\Абзойя) // Культура кочевников на рубеже веков (XIX - XX, XX - XXI вв.): Проблемы генезиса и трансформации. Материалы международной конференции. Алматы, 1995.
  • Древнетюркская социальная терминология в китайском тексте VIII в. // Вопросы археологии Казахстана. Вып. 2. Алматы-М.: 1998. С. 153-161.
  • Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. Алматы: Дайк-Пресс, 2002. 338 с. + вкл. 12 с.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015