Зулпукаров Махмуд
Зулпукаров Махмуд 1959-жылы 10-майда Сузак районунун Сафаровка айылында туулган.
- Орто мектепти аяктап, эмгек жолун 1977-жылы “Дружба” совхозунда айдоочу болуп иштеп баштаган.
- 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- 1979-1985-жылдары “Дружба” совхозунда айдоочу болуп эмгектенет.
- 1985-жылы Фрунзе шаарындагы ПИРЯЛ орус тили жана адабияты факультетине тапшырып,
- 1991-жылы ийгиликтүү аяктайт.
- 1991-1993-жылдары Проректор АХУ ПИРЯЛ камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип,
- 1993-жылы Ички Иштер бөлүмүнө кызматка кабыл алынат.
- 1999-жылы ардактуу эс алууга чыгат.
- Андан кийин да коомдук иштерге активтүү катышып жүрүп, узука созулган оорудан кийин 2015-жылы көз жумган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3