Зур зур чиркөөсү کلیسای زور زور түзөтүү

Ыйык Мария чиркөөсү же Зур зур чиркөөсү (армянча: ԾորԾորիՍուրբԱստվածածնիմատուռ, англисче: Chapel of Dzordzor), бул чиркөө Батыш азербайжан облусундагы Маку шаарчасында, Кара келиса чиркөөсүнүн 12км түндүк батыш тарабында, Борун кыштагына жакын аймакта, Занги мар дарыясы агып өткөн капчыгайдын жанындагы тоо этегинде салынган. Чиркөө Ирандын тарыхый курулуштарынын бири болуп саналып, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегинде, андан сырткары Борун ЮНЕСКОнун тизмегинде өзүнчө түрдө да катталган. 1988-жылы Борун дамбасында суунун толгондугуна байланыштуу, чиркөө толук бойдон өзүнүн негизги ордунан 600 метр бийиктигине жылдырылган.

Тарыхы түзөтүү

Зур зур чиркөөсүн куруу тарыхы 1324-1315-жылдарга таандык жана Закария аймагынын уруулары, Ыйык Тадеус чиркөөсүнүн архиепускопу тарабынан салынган. Ал диний, маданий жана адабий билим алуу медресеси катары эсептелип, атган епископ Хаванес Ярзнкатси, армяндардын адабият, дин жана тарбияда жол көрсөтүүчүсү тарабынан башкарылып турган. Ал 1341-жылдары бул чиркөөдө жашаган, ошол себептен чиркөө “Зур зуратси” (Hovanes yerznkatsi - Tsortsoretsi) деп аталып калган.

Чиркөөнүн архитектурасы түзөтүү

Чиркөө крест түрүндө курулуп, сырткы аянты 10/5x20/7 метр жана чиркөөнүн бийиктиги алгачкы курулуш боюнча 58/12 түзөт. Бул чиркөө ошол замандагы башка армян чиркөөлөрүндөй ар кандай көлөмдөгү таштардан курулган. Сырткы көрүнүшү аябай жөнөкөй жана жалгыз тегерегиндеги асылма мамычалар учтуу аркалар менен аякталып кооздолгон.

Чиркөөнүн кайра курулушу түзөтүү

Энергетика министирлиги Маку чөлүнө суу жеткизүү максатында Борун суу сактагыч дамбасынын долбоорун иштеп чыгып, 1987-жылы аны куруу иштери башталган. Чиркөө дамбанын карматуу дубалдарын тургузчу жерде орун алган жана план боюнча суу сактагыч дамба курулуп бүткөн соң, чиркөө суу алдына калмак. Өтмө туннелдерди казуу иштеринде жана курулуш жардыруу иштеринин натыйжасында чиркөөнүн башка бөлүктөрүнө зыян келтирилген. Ошол себептен өлкөнүн маданий мурастар уюму, Энергетика министирлиги менен биргелешкен ишканалар, Аймактык суу, электр уюму жана ошондой эле бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинин адистери биргеликте иштеген эксперттер тобу Армения архитекторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп 25 күндүн ичинде, илимий негиздерди сактап, ар бир ташын, дубалдардын катмарын санап, негизги калыбындай кылып аймактан 110 метр бийигирээк, 600 метр алыс жерге аймактагы бийик дөңчөнүн үстүнө кайра курушкан.

Ошондой эле түзөтүү

- Армения Апостол чиркөөсү - Ирандагы Армян чиркөөлөрүнүн тизмеги

Булактар түзөтүү

  • “Зур зур чиркөөсн билесиздерби?”, Тебиан. Акыркы чыгарылыш
  • Орун алмаштыруу жана Ыйык Мария же Зур зур чиркөөсүн кайра куруу долбоору, автор: Варужан Араклиан, Пейман маданий журналы
  • Ирандагы армян чиркөөлөрү китеби. Автор: Лина Мелкамиян, экинчи басылыш
  • Иран армяндары китеби, Андраник Хувиян, эл аралык цивилизациялар борбору
  • Иран армяндары китеби, Андраник Хувиян, Өлкөнүн маданий мурастар уюму
  • Батыш азербайжан облусундагы Армян чиркөөлөрүнөн көз ирмем. Автор: Надере Шужадел, Пейман маданий журналы
  • Батыш азербайжан облусундагы армян чиркөөлөрүнүн аймактык орун алышы, автор: Безрузхан Мухаммади, Пейман маданий журналы
  • Ыйык Мария чиркөөсү (Зур зур), Маку