Зуура (иранча Зохре — чолпон, таңкы жылдыз) — кыргыз элинин ишениминде үйдүн кутун жана жаш балдарды, боюнда бар жана төрөп жаткан аялдарды көзгө көрүнбөй кайыбынан колдоочу ыйык эне. Элдик оозеки чыгармачылыкта маданий таасир катары иран элинин мифологиясынан кабыл алынып, байыркы түрк элдеринин кудай энеси Умай менен катар же бир эле кейипкер катары кездешет. "Манас" эпосунда да ушул түрдө колдонулат. Мисалы, Айчүрөк Сейтекти төрөп жатканда:

Умай эне Зуурага

Уялбай ичин оңдотту.

Шек билгизбей эч кимге

Жети күнү толготту (Саякбай Каралаев, “Сейтек”, 50),— деп сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4