Зыгыр буласызыгыр өсүмдүгүнөн алынган була. Кездеме токуу үчүн жип ийрүүдө техникалык зыгыр буласы колдонулат. Ал пек желими менен тыгыз бириктирилген бир нече жеке булачалардан турат, узундугу 50-250 мм, жоондугу 100-300 мкм. 3ыгыр буласынын химиялык курамы: 80% целлюлоза, 8,4% пек желими, 5,2% лигнин, 2,7% мом менен май, 2,1% азот менен белок, 1,1% күл. 3ыгыр буласы зыгырдын сабагынан аны иштетүүчү фабрикаларда сууга чылоо же механикалык жол менен бөлүп алынат. Узун зыгыр буласынан кийимдик кездеме токулуучу ичке жиптер, кыска буладан одуракай кездеме токулуучу жоон жиптер ийрилет. 3ыгыр буласы пахтага караганда жылуулукту жакшы өткөрөт, нымды сырткы чөйрөдөн тез сиңирип алып, кайра тез кургайт[1].

Зыгыр буласы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Зыгыр буласынан үчүн кам көрүү