Зыков Михаил Александрович
Зыков Михаил Александрович 1925-жылы Россия Федерациясынын Челябинск облусунда туулган.
- Наристе кезинде ата-энеси Кыргызстанга көчүп келишип, Көк-жаңгак шаарында туруп калышат.
- Ошол жерден 7-Классты бүтүрөт.
- 1940-жылы Кара-Алма айылына көчүп барышат.
- Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы чакырылып, Челябинск облусунун, Чебаркуль станциясына келишет.
- Жалал-Абадтан келген 3000 жоокерди бөлүштүргөндө, Сталинград фронтуна туш келет.
- Сталинград шаарын коргоодо, жараат алып, госпиталдан кийин айылына жөнөтүлөт.
- Бир жылдай үйүндө дарыланып, жакшы болгондон кийин, кайрадан фронтко кетет.
- 1945-жылы апрель айында кайрадан госпиталга түшөт да, Улуу Жеңишти ошол жерден тосот.
- Армиядан 1946-жылы кайтып келип, окуусун андан ары улантат.
- Согушта “За оборону Сталинграда”, “За отвагу”, “За боевые засуги” ж. б көптөгөн медалдар менен сыйланган.
- 1953-жалал-Абадтагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, пенсияга чыкканга чейин, Октябрь кыштагында кыргыз мектептерине, орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келген.
- Сузак районунун ардактуу атуулу деген ардактуу наам ыйгарылган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3