Зымырык (симург, сымырык) — иран мифологиясында кереметтүү куш, байыркы фарсы тилинде (авестаде) бүркүткө окшош куш деген түшүнүктү билдирет. Атайы изилдөөлөрдө анын образы скиф доорунан бери Евразияга белгилүү деп белгиленип жүрөт. 3. мифологиялык дөө, ажыдаарлар сыяктуу эле иран жана түрк элдеринин кереметтүү жөө жомокторунун, укмуш окуялуу кереметтүү дастандарынын туруктуу каармандарынан. Мисалы, анын образы ирандардын “Рустам намэсинде”, түркмөндүн “Шабахрам”, азербайжандардын “Шахзада Бахрам”, түркмөн, өзбек, тажиктердин “Көруулунда” жолугат. Айрыкча, элдик оозеки чыгармачылыктын негизинде жазылган Фирдоусинин “Шахнамэсинде” көрүнүктүү роль ойнойт. Ал башкы баатыр Үрүстөмдү, анын энеси Рудабени, атасы Залды бир нече жолу кырсыктан куткарып, ажалдан алып калат. Иран элдеринин жомокторунда 3. биздин “Эр Төштүктөгү” алп кара куш сыяктуу кызмат аткарат. Ал балапандарын жыландан сактап калган Төштүктү жер астынан алып чыгат. Жолдо келе жатып азыгы түгөнгөндө Төштүк сан этинен кесип жедирет. Жер үстүнө чыкканда 3. ал этти ордуна жабыштырат, жарат дароо айыгат. "Манас" эпосунда “Алп кара куш — зымурук асмандан бутун салыптыр” — делип, Манас жоону качырганда ажыдаар, жолборс, көкбөрү жана башкалар жаныбарлар менен бирге колдоочусу — алп кара куштун синонимдеш бир аты катары берилет, 6. а. алп кара куш, 3. бир эле куш. Түрк жана иран элдеринин оозеки чыгармачылыгында ал экөө бирдей милдет аткаргандыктан жана эки элдин бири-бирине өтмө катар маданий таасирлеринин натыйжасында башта өз-өз алдынча өнүккөн бир типтүү — бул эки образ кийин ажыратылбай бирге каралып калган, к. Алп кара куш .

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4