Ибрагимов Шабдан
Ибрагимов Шабдан (1922, Мончокдөбө айылы - 1998, Айрытам айылы) - билим берүү тармагынын көрүнүктүү ишмери, эл агартуу отличниги.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942-12).
- Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын,Ош педагогикалык институтун бүткөн.
- 1941-42-жылдары жылы Мончокдөбө 7 жылдык мектебинде мугалим,
- 1944-53-жылдары Көксерек жети жылдык мектебинде директор,
- 1953-78-жылдары 1-Май орто мектебинде мугалим,
- 1979-83-жылдары Көкташ орто мектебинде,
- 1983-88-жылдары Совет-Сай орто мектебинде директор болуп эмгектенген.Согуш мезгилинде колхоз активдеринин сабатсыздыгын жоюуга активдүү катышкан.
- I даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени, медалдар менен сыйланган.
- Айылдагы көчөгө ысмы берилген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6