Ибр Ал Хакиф Ал Хамадахиараб тилинде жазган Ортоңку Чыгыш географы. Хамадан шаарында туулган. Анын «Китаб ал-будан» («Өлкөлөрдүн китеби») географ, эмгеги 290-жылдары (902-903) жазылган. Бул эмгектин эки кыскартылган көчүрмөсү белгилүү. Бирин чыгышты изилдөөчү де Гуе өткөн кылымда жарыялаган, экинчиси Мешхед шаарындагы мечиттин китепканасынан 20-к-дын башында табылган. Кыргызстан аймактары ж-дө маалыматтар да берилген. Борбор Азиядагы калктар, алардын ээлеген аймактары, саясий түзүлүшүн, шаарларын, чарбасын толук чагылдырган. Ошондой эле түрк урууларынын аттары, анын ичинде кыргыздар тууралуу кабар кездешет.