Ивановдогу Ил-76 учагынын кыйрашы

12-март, 2024-жылы болгон авиакырсык

Ивановдогу Ил-76 учагынын кыйрашы — 2024-жылдын 12-мартында саат 13:00 чамасында Орусиянын Иванов облусунда болгон авиациялык кырсык. Орусиянын 12- аскердик-транспорттук авиациялык дивизиясынын 117-аскердик-транспорттук авиациялык полкунун Ил-76 аскердик-транспорттук авиациялык учагы "Северный" аэродромуна багыт алып, бирок "Подталицы" айылына жакын жерде кулап түшкөн. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учакта 8 экипаж мүчөсү жана 7 жүргүнчү болгон. Учактын ичиндегилердин баары каза болушкан, учактын кыйрашынын натыйжасында жерде эч кандай курмандыктар жана кыйроолор болгон эмес[1].

Кырсыктын күбөлөрүнүн айтымында, учактын кыймылдаткычы учуу учурунда күйүп, урап түшкөн[2]."Baza" Telegram каналынын маалыматы боюнча, учак машыгуу учууларын аткарып жаткан. Бул Ил-76 учагынын 2024-жылдагы экинчи кыйроосу.

Тергөө иштери түзөтүү

Тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгогон. Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 351-беренеси (байкоосуздуктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген аскердик учактардын учуу эрежелерин бузуу же аларды даярдоо)[3].

Булактар түзөтүү