Иванов Михаил Фёдорович (15, 11. 1928-ж. туулган, Россия, Воронеж облусу, Обросимов кыштагы) - айыл чарба кызматынын ардагери, агрардык ишмер.

Суусамырдагы дың, жерлерди биринчи өздөштүрүүчүлөрдөн. Кыргызстанга 1935-ж. келген. Пишпектеги айыл чарба техникумун (1947) жана К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1961). Эмгек жолун 1947-ж. Жумгал райондук айыл чарба башкармалыгында агроном үрөнчү болуп баштаган. 1949-52-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. Армиядан кийин Фрунзе облусунун айыл чарба башкармалыгында (1952-53), Суусамыр МТСинде агроном (1954), ошол эле жерде директор (1956-64) болуп эмгектенет.

Кийинчерээк Калинин райондук өндүрүштүк колхоз-совхоз башкармалыгында башкы агроном, началыгактин орун басары (1964-69), начальник (1969-74), Кыргыз ССР айыл чарба министрлигинде улук агроном (1974-84), Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» совхозунун директору, «АкСуу» кант комбинатынын, «Кара-Балта» кант заводунун директорунун орун басары, Кара-Балта Агросвекло бирикмесинде кант кызылчасы боюнча совхоздун директору, Калинин районундагы колхоздор аралык бакчалар бирикмесинин башкармасынын орун басары жана башкы директору болуп иштеп келген. 1984-89-жылдары Калинин райондук өндүрүштүк айыл чарба башкармалыгында начальниктин орун басары жана РАПОнун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп туруп, ардактуу эс алууга кеткен. Учурда жеке ишкерлик менен алектенет.

Ал эки жолу «Ардак белгиси» ордени (1957, 1965), «Эмгектеги каармандыгы» (1965), Лениндин 100 жылдык юбилейлик (1970) жана «Эмгектин ардагери» медалдары менен сыйланган.

Бүткүл союздук илимий-техникалык коомдун ишине активдүү катышкандыгы үчүн деген төш белги алган. СССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн күмүш медалына татыктуу болгон (1968). Көптөгөн Ардак грамоталардын ээси.

Баласы Александр 1961-ж. Суусамырда туулган. Учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Ал Суусамырда иштеп турганда Кожомкул менен бирге иштешкенин сыймыктануу менен айтып, Наскеев Молдокмат жөнүндө да эскерет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9