Ивано-Франковск - (1962-ж. чейин Станислав) Украинанын батышындагы шаар. Иван Франко облусунун административдик борбору. Украина Карпатынын тоо этегинде жайгашкан. Калкы 217,6 миң (2007). Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 17-кылымдын 2-жарымында негизделген. 1919-39-ж. Польшанын, 1939-жылдан Украинанын курамында. Машина куруу жана металл иштетүү өнүккөн. Мини-трактор, айыл чарба шаймандарынын жабдуулары чыгарылат. Хим., жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жай иштейт. Архралык эстеликтерге бай. Университеттер, китепкана, музейлер, театрлар бар. 1962-ж. украин жазуучусу И. Я. Франконун урматына аталган.

Ивано-Франковск.

Колдонулган адабияттар түзөтүү