Иванченко Раиса Васильевна
Иванченко Раиса Васильевна (1940-ж. туулган, УССР, Полтава облусу, Глобинск району, Опрышки кыштагы) - саанчы, Социалдык Эмгектин Баатыры (1976). 1966-жылдан Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунун саанчысы. 1973-ж. ар уйдан 3870, 1974-ж. 4967, 1975-ж. 5362, 1976-ж. 5467 гсгдан сүт саап алган. 1975-84-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5