Иван Исаевич Болотников (т. ж. белгисиз - 1608-ж. ө. ) - Россияда дыйкандар менен малайлардын (1606-07-жылдагы антифеод. ) ири көтөрүлүшүнүн жетекчиси.

Болотников боярин Телятевскийдин малайы болгон. Жаш кезинде дондук казактарга качып, татарларга туткун болуп, Турцияга кулдукка сатылган. Түрктөр немецтерден жеңилгенден кийин Болотников Россияга кайткан. 1606-ж. жайында түштүктө көтөрүлүш чыгарып, ага жетекчи болгон. Дыйкандар согушу көп жерлерди камтыган. Болотниковдун аскерлери падыша В. Шуйскийдин армиясын оор жоготууларга учуратып, 1606-ж. октябрда Москваны курчап алышкан, бирок 1606-ж. 2-декабрдагы салгылашууда жеңилип, Калугага чегинген.

1607-ж. май айында Б-дун аскерлери Шуйскийдин армиясын талкалап, Калуганы бошотот, бирок июнда Тула шаарынд курчоодо калып, Болотников колго түшөт да, Каргополю айдалат. Ошо жерде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. к. Дыйкандар которулушу, 1606-07 (Иван Болотников башкарган).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.