Панфилов Иван Васильевич (1892, Саратов облусу, Петровск ш.–1941) – Советтер Союзунун Баатыры (1942)[1], генерал-майор (1940).

Панфилов Иван Васильевич.

1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918–20) катышкан.
1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1938–41-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары.
1941-жылы июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316- аткычтар дивизиясынын командири. Октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (к. Жыйырма сегиз баатыр панфиловчулар). Согушта курман болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Айрым шилтемелер түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза начальствующему и рядовому составу Красной Армии» от 12 апреля 1942 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1942. — 24 апреля (№ 13 (172)). — С. 1.