Иван Петровский
Петровский Иван Георгиевич [5 (18). 1. 1901, Севск, азыркы Брянск обл.— 15. 1. 1973, Москва] — советтик математик, СССР ИАнын акад. (1946; корр. мүчө, 1943). 1953-жылдан СССР ИАнын президиум мүчөсү. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969).
- Москва унинверситетин (1927) бүтүргөндөн кийин ошол эле университетте иштеп, 1933-жылдан проф., 1951-жылдан ректор.
- Негизги эмгектери айрым туундулуу дифференциал тецдемелер теориясына, алгебр, геометрияга, ык- тымалдык теориясына, кадимки дифференциал тецдемелендин сапаттык теориясына, матем. физгткага ж. б. арналган.
- СССР Жог. Советинин (6— 8-шайл.) депутаты, 1966-жылдан СССР Жог. Советинин Президиумуна мүчө. СССР мамл. сыйл. (1946, 1952) лауреаты.
- Беш Ленин ордени, башка 3 орден жанa медалдар, чет элдик ордендер менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.