Тургенев Иван Сергеевич (28. 10(9. 11). 1818, Орёл -22. 8(3. 9). 1883, Буживаль (Иарижге жакын жер); Нетербургга коюлган) - орус жазуучусу.

Ак сөөк уй-булөдөн. Петербург университетин бүткөн (183/). Чыгармалары 30жылдардан жарыялана баштаган. 1838-40-ж. Германияда, Италияда болуп, философия, тарых, тил боюнча билимин өркүндөткөн. 1842-ж. философиялык магистри деген наам алган. 40-жылдардагы поэмалары («Параша», 1843; «сүйлөшүу», 1845; «Помещик», 1846) менен прозалык чыгармаларында («Андреи Колосов», 1844; «Үч портрет», 1846; «Бреттёр», 1847) коомдук турмуштун терс жактарын сындаган. ушул эле жылдары эстетикасы Белинскийдин кез карашына жакын бир топ сын макалаларды жазган.

Драмалык чыгармаларында («Акчасыздык», 1846; «Бой киши», 1849; «Арам тамак», 1848; «Элет кызы», 1851; «Кыштактагы бир ай») «кичине адам» турмушун сүрөттөп, ак сөөк интеллигенттерине нааразылыгын билдирет. «Аңчынын аңгемелери» (1847-52, кыргызчасы - 1954) - жаш Тургеневдин көрүнүктүү чыгармасы. Ал чыгарма Тургеневдин атак даңкын дүйнөгө жайып, орус адабиятынын өсүшүнө чоң таасир тийгизген. Анда помещиктер менен дыйкандардын рухий кагылыштары, дыйкандардын ички дүйнөсүнүн тазалыгы жөнүндө кенен сөз болот; орус дыйкандарынын типтүү образдары тузулуп, элдин психологиясы таасын талданат.

«Му-му» (1854), «Кербен сарай» (1855) - Тургеневдин идеялык жактан «...аңгемелерге» ыктай жазылган чыгармалары. Тургенев 1856-ж. жарык керген «Рудин» (кыргызчасы -1964) романында учурдун алдыңкы көзкараштагы адамынын образын түзсө, «Ак сөөктөр уясы» (1859) романында орус элинин тагдыры жөнүндө маселе козгойт. «Жакын калганда» (1860) романында аң-сезимдуу, кайратман кишилерге мезгил зарыл экени жөнүндөгү ойду айткан. Бирок Тургенев андай кишилерди бир жактуу, чектелген кейипте элестеткен. Бул Тургеневдин либералдык позицияда турганы, революциянын зарылдыгын танып, революциячыл-демократтарга ишенип, Россиянын тагдырын ошолордун ишине байланышта караганы менен тушундүрүлөт. «Аталар жана балдарында» (1862, кыргызчасы - 1954) идеялык багыттардын күрөшун, эски жана жаңы социалдык-саясий мамилелердиы кагылышын көркөм сурөттөйт.

Мындан кийинки чыгармаларында («Элестер», 1864; «Ыраазы болуу», 1865; «Тутун», 1867; «Талаанын король Лири», 1870 ж. б.) мурдагы позициясынан оолактап, пессимизмге берилип кеткен. 70-жылдары Парижде жашап, элдик кыймылдын өкүлдөрү менен (Г. А. Лопатин, П. Л. Лавров ж. б.) байланышта болгон. Ушул жылдары Европа адабиятына чоң таасир тийгизген. Ж. Саид менен Г. Мопассан Тургеневди окутуучубуз деп аташкан.

Тургенев чыгармалары менен орус реализмин өнүктүргөн. Орус турмушунун актуалдуу маселелерин мыкты Оилгени, окуялар менен мунөздөрду философиялык жактан туура аддан, турмушту акыйкат сүрөттөшү Тургеневдин чыгармаларын орус турмушунун өзгөчө бир жыл баянына айландырды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.