Аметист Амелия Келли (англ. Amethyst Amelia Kelly) - Игги Азалия (англ. Iggy Azalea, айтылышы: /əˈzeɪliːə/) сахналык аты менен таанымал; 1990-жылы 7-июнь) - австралиялык рэппер. Сиднейде туулган, Австралиянын түштүк бөлүгүндө, Муллумбимбиде өскөн Азалия 16 жашында АКШга өзүнүн хип-хоп чыгармачылыгын улантуу тилеги менен көчүп барган. Азалия YouTube каналында "Pu$$y" жана "Two Times" (кырг. "Эки заман") ырларыны музыкалык видеолорун жүктөп белгилүүлүккө жеткен. Ignorant Art (кырг. Маданиятсыз искусство) аталышындагы алгачкы толук форматтагы микстейпи аркылуу өзүнө көңүл бурдуруп, Азалаия 2012 жылы T.I. аттуу америкалык рэппердин Grand Hustle Records үндү жаздыруучу фирма белгиси менен келишимге кол койгон.

Азалиянын The New Classic (кырг. Жаңы классикалык) аталышындагы алгачкы студиялык альбому бир нече дүйнөлүк чарттарда эң мыкты беш альбом тизмесине кирип ар кандай сын пикирлерге ээ болгон. Альбом Billboard ритм-энд-блюз/хип-хоп альбомдор чартында биринчи орунду ээлеп, Азалия чарттын туу чокусуна жеткен "Эң биринчи чет-өлкөлүк айым рэппер" болгон. Альбомдон кийин Азалиянын алгачкы "Work" (кырг. "Эмгек") сингли чыгып АКШнын Billboard Hot 100 чартында биринчи орунду ээлеген "Fancy" (кырг. "Ажайып") сингли пайда болгон. Ошондой эле Азалия "Fancy" синглинде кийин экинчи орунду ээлеген Ариана Гранденин "Problem" (кырг. "Маселе") синглинде катышып ырдаган, ал The Beatles тобундан экинчи болуп Хот-100 чартында бир учурда эки биринчи орундарды ээлеген. Ошол эле жылы ал Хот-100 чартынын эң мыкты он хиттердин биринчи үч орунду мурун айтылып кеткен ырлары менен "Black Widow" (кырг. "Кара жесир") альбомунун бешинчи сингли менен кошо ээлөөгө талпынган.

Азалиянын экинчи Digital distortion (кырг. Санариптик бузулган көрсөтүү) аталышындагы студиялык альбому 2017-жылы чыккан. Альбомдун "Team" (кырг. "Топ") аталышындагы башкы сингли 2016-жылдын 18-мартында жаздырылып чыккан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү