Игорь Евгеньевич Тамм
Игорь Евгеньевич Тамм (1895-1971) - советтик теоретик-физик, (1958-ж. П.А. Черенков жана И.М. Франк менен бирге) физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954). Сталин сыйлыгынын эки жолку лауреаты.
Өмүр таржымалы
түзөтүүИлимий ишмердиги
түзөтүүТаммдын илимий ишмердиги негизгинен кванттык механика, катуу заттардын физикасы, нурлануу теориясы, атом физикасы, элементардык бөлүкчөлөрдүн физикасына жана ошондой эле бир катар колдонмо маселелердин чечилишине багытталган.
1932-жылы ал катуу заттардын бетинде беттик абалдардын болушун теориялык жактан алдын ала айткан эмгегин жарыялаган (беттик абалдардын бул түрү азыр Тамм абалы деген ат менен белгилүү).
1937-жылы И.М. Франк менен бирге чөйрөдөгү бөлүкчөлөрдүн ал чөйрөдөгү жарыктын ылдамдыгынан ашкан ылдамдыктагы кыймылын сүрөттөгөн (Франк - Тамм формуласы). Бул эмгек мурдагы тажрыйбалардан (Вавилов - Черенков эффекти) белгилүү болгондорду ачыктаган. Бул ачылыш үчүн Черенков, Франк жана Тамм 1958-жылы физика боюнча Нобел сыйлыгын алышкан. 1945-жылы талаанын кванттык теориясынын маселелерин чыгаруу ыкмасын иштеп чыккан. Бул ыкма кийин Тамм - Данков ыкмасы деп аталган.
А.Д. Сахаров менен бирге плазманы "токамакта" (магнит түргүчтүү тороидал камера) кармап туруунун принциптерин иштеп чыккан.
С.П. Шубин, Е Л. Фейнберг, В.Л. Гинзбург, Л.В. Келдыш, Д.И. Блохинцев, М.А. Марков, А.Д. Сахаров, В.Г. Кадышевский, С.А. Альтшулер, Д.А. Киржниц, А.А. Власовдор анын шакирттери болуп эсептелишет.