Стравинский Игорь Фёдорович - орус композитору, дирижёр.

  • Композиция боюнча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган.
  • Оркестр үчүн жазылган «Фантастикалык скерцо» жана «Фейерверк» фантазиясы (1908) - алгачкы чыгармалары. Парижде «Зымырык куш» (1910), «Петрушка» (1911), «Касиеттүү жаз» (1913) балеттеринин премьерасы коюлуп, дүйнөлүк атакка ээ болгон.
  • 1910-жылдан чет өлкөдө жашап, концерттик ишмердигин уланткан.
  • 20-50-жылдары «Эдип падыша» опера-ораториясын, «Орфей» балетин, 2 симфония, оркестр үчүн концерттер ж. б. жазган.
  • 1962-ж. СССРге автордук концерт менен келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.