Идеалдуулук

1) абстракция түрүндөгү нерселердин аң-сезимде чагылышы. Ушул планда Идеалдуулук реалдуулукка карама-каршы коюлат;

2) идеалдаштыруунун натыйжасында пайда болгон, бирок тажрыйбада мүмкүн болбогон абстракттуу объект (мис., идеалдуу газ, чекит ж. б.); идеалга топ келген татына нерсе.

Идеалдуулук жөнүндөгү көптөгөн көз караштар материализмге же идеализмге алып келет. Идеализм Идеалдуулукту материалдык дүйнөдөн тышкары туруп, өз алдынча мааниге ээ болгон өзүнчө негиз катары ар түрдүүчө түшүндүрөт. Маркске чейинки материализм Идеалдуулукту адамзаттын иш-аракетинин натыйжасы катары эмес, сырттан гана байкоо жүргүзүүнүн продуктусу деп караган. Диалек. материализм Идеалдуулукту материалдык дүйнөнүн адамдын аң-сезиминде чагылышы, объективдүү образы катары карайт. Идеалдуулук аң-сезимдин адамзаттын бытиесин мүнөздөөчү бир аспектиси,

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.