Идеалдык суюктук
Идеалдык суюктук – илээшкектиги жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү жок деп эсептелген суюктук.
Идеалдык суюктукта ички сүрүлүү болбойт, б. а. суюктуктун коңшу катмарларынын арасында жаныма чыңалуу нөлгө барабар. Идеалдык суюктук ички түзү-лүшкө ээ болбогон туташ үзгүлтүксүз чөйрө. Идеалдык суюктук илээшкектүүлүгү эсепке алынбаган теориялык маселелерди че-чүүдө, мис., агымынын ылдамдыгы кичине суюктуктун кыймылын изилдөөдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0