Идиллия "Манас" эпосунда көзгө урунтуктуу сүрөттөөлөрдүн катарына кирип, көркөм чыгармада адамдардын табияттын кучагында жөнөкөй, тынч эмгектенип, куунак өмүр өткөрүп жаткан бейгам турмушун көрсөтөт. И-нын пайда болушу байыркы грек акыны Феокриттин (б. з. ч. 4-кылымдын аягы 3-кылымдын биринчи жарымы) чыгармачылыгындагы И. жанрына байланыштуу. Антикалык мезгилде таралган И-нын мотивдери ар түрдүү. Маселен, эллин доорунда тартылган сүрөттөрдө негизинен беймарал жайылып жүргөн мал, табияттын кооз, түркүн көрүнүштөрү жана башкалар сюжеттер бар. Мындай багыттагы сүрөттөөлөр ар кандай жанрдагы көркөм чыгармалардан орун алат жана атайын кеңири планда да, өз алдынча чакан эпизоддордо да кездеше берет. Жалпысынан алганда чыгармалардын И-лык мазмуну окшош келип, мында өткөндөгү кандайдыр бир жашоо ыңгайын, турмуш шарттарды өтө үзүрлүү, куунак, жанга жай, ыракаттуу кылып мактап, көкөлөтүп көрсөтүүгө айрыкча көңүл бурулат. "Манас" эпосунда жалпысынан жоокерлик турмуш сүрөттөлсө да элдин тынч, беймарал жашоого умтулушу өзүнүн салт-санаасы, үрп-адаты менен бейгам жашоосу жөнүндө да айтылат. Маселен, кыргыздардын Алтайдан ата журту Ала-Тоого, Таласка көчүп келиши, ошо жерде жашоо үчүн күсөгөн максаттарынын, аракеттеринин көрүнүшү дал И-лык планда берилет:

Эриксе элик атышып,

Эрикпесе кыргыздар

Эркин ойноп жатышып,

Кырк таман чийип ордону

Сары түзгө салышып,

Багылан козу, кысыр тай

Бор кайнатып алышып,

Коштоп кийип суусар бөрк

Ыргап жатып калды дейт,

Кошоктошуп кайран журт

Жыргап жатып калды дейт (Саякбай Каралаев, 1. 183).

Эпосто асыресе Таластын көркүнө, берекесине тен берилип, анын ушул касиети бактылуу жашоонун накта өбөлгөсү экендиги таасын көрсөтүлөт. Таласта жашоого зарыл болгон бардык нерселер бар. Андагы шапата бүрккөн ак кар, көк муздуу тоолор, аркайган бийик аскалар, аркы-терки айкашкан адыр, белдер, башынан булут кетпеген чокулар, жашыл ыраңга бөлөнгөн жайлоолор, жемиштери жер жайнаган чер токойлор, башайыдай кулпурган дүйүм чөптөр, салкын аба, атыр жел, шылдырап аккан тунук булактар — дүйнөнүн өзүнчө бир ажайып бурчу экенин элестетет. Ушундай жерди жердеген, элдин согуш жок мезгилдеги бакыбат турмушу, беймарал жашоосу эпосто кеңири сүрөттөлөт. Эпостогу “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы”, ошондой эле ушул жагдайда кездешчү “Бөтөнчө бейиш жер келет” деген сыпаттоодон И-лык сүрөттөөлөр ачык байкалып турат.

Эпосто адам менен жаратылыштын ажырагыс биримдиги өтө даана чагылдырылган. Адамдар жаратылыштан материалдык байлыкты гана албастан, жаратылыштан рухий каниет алып, ага аяр мамиле жасалат. Элдин түшүнүгүндө мал-жанга жайлуу жерлер тиричиликтин гана булагы эмес, таң-тамаша, оюн-зоок куруп, көңүл ачуунун, куунак, үзүрлүү өмүр сүрүүнүн да зор өбөлгөсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4