Иероглиф
Иероглиф - б.з.ч. 4-к. колдонулган Египет жазуусунун образдуу сүрөт белгилери. Бардыгы болуп 5 миңге жакын ар түрдүү иероглиф белгилүү. Бирок ар бир доордо андай иероглифтердин 700-800дөйү гана колдонулган. «Иероглиф» термини башка системадагы жазмаларга карата да колдонулат. Иероглиф деп адатта байыркы жана азыркы кытай жазмасы, сүрөт түрүндөгү хетт жазмаларынын бири сыяктуу жазмалар аталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5