Издөө индекси - документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган жана издөө системалары колдонгон маалымат түзүмү. Издөө каражаты менен жасалган индекстөө [⇨] маалыматты так жана ылдам издөөнү камсыздоо максатында берилмелерди (data) чогултуу, бөлүштүрүү жана сактоо жараяны болуп эсептелет. Индекс түзүү тил илими, конгитивдик психология, математика, информатика жана физикадан алынган дициплиналар аралык түшүнүктөрдү камтыйт. Веб-индекстөө деп, интернеттен веб-баракчаларды издөө үчун иштелип чыккан издөө каражаттарынын контекстиндеги индекстөө жараянын аташат.

Популярдуу издөө каражаттары документтердин толук текстин индекстөөгө басым жасашат [⇨]. Видео, аудио жана графика сыяктуу мультимедия документтери да издөөгө катышат.

Метаиздөө каражаттары башка издөө кызматтарынын индекстерин пайдаланышат жана жергиликтүү индексти сакташпайт. Ал эми, кэштелген баракчаларга негизделген издөө каражаттары индексти дагы, тексттик корпусту дагы көпкө сактап турушат. Толук тексттүү индекстен айырмаланып, жарым-жартылай тексттик кызматтар индекстин өлчөмүн азайтыш үчүн индекстөөнүн тереңдигин чектешет. Чоң кызматтар адатта керектүү мөөнөт жана кайра иштетүүгө кеткен чыгымдар себебинен индекстөөнү көрсөтүлгөн убакыт аралыгында аткарышат. Ал эми, агенттерге негизделген издөө каражаттары индексти реалдуу убакыт режиминде түзүшөт.

Шилтемелер түзөтүү