Изооктан (2,2,4-триметилпентан) – алифаттык чектүү углеводород (CH3)3 –C-CH2-CH(CH3)2 мол. массасы 114,22. Октан изомерлеринин бири. Бензин жыттанган тунук, түссүз суюктук; кайноо t 99,2оС; И. сууда эрибейт, кадимки орг. эриткичтерде эрийт; бензол, метанол жана этанол менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. И. башка изомерлери менен бирге бир аз санда нефтини буулантып айдоодо алынган бензинде кездешет. Ө. ж-ларда И. изобутиленди полимерлештирүүдөн алынган димерди гидрирлөө же болбосо изобутанды изобутилен менен концент. H2SO4 к-сын, AlCl3, BF3 жана башка катализаторлорду катыштырып алкилдөө менен алынат. И. н-гептан менен болгон аралашмасы мотор отундарынын детонацияга туруктуулугун аныктоодо колдонулат жана аны октан саны менен мүнөздөйт. О. с. И. н-гептан менен б-н аралашмасындагы И. санына жараша болот. Эгерде бензин детонациялык мүмкүнчүлүгү аралашманын мүмкүнчүлүгүнө барабар болсо (80 % изооктан 20 % н-гептан турган), анда ал бензиндин о. с. 80 барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү