Изохинолин – С9Н7N, (бензопиридин) - ароматтык бирикме, бадам жыттуу гигроскоптук кристалл, мол. масс. 129,16; түссүз кристалл; балкып эрүү t 26,5оС; кайноо t 2435оС;

5 4

6 3

7 N2

8 1

И. муздак сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. И. хинолинге караганда күчтүүрөөк негиз. Аны Pt катышуусунда гидрирлегенде 1,2,3,4 тетрагидрохинолинге, толук гидрлегенде цис-декагидроизохинолинге айланат. Суюк же газ фазада, мис., О3 жана О2 аралашмасы менен окистенгенде пиридин-3,4-дикарбон жана фтал к-талары, ал эми надкислоталар менен окистенгенде изохинолин-N-оксид алынат. Электрофилдик реагенттер 5-көмүртек атомундагы суутек менен орун алмашат. И. бромдоо AlCl3 катышуусунда, нитрлөө - HNO3 жана H2SO4 аралашмасынын таасири алдында жүрөт. Радикалдык механизм менен өтүүчү жогорку темп-ралык бромдоо 1-бромизохинолин пайда болот. Нуклеофилдик орун алмашуу көбүнчө 1-абалда өтөт. КОН менен 2200С темп-рада 1-гидроксиизохинолин, NaNH2 менен 1-аминоизохинолин алынат. И. таш көмүр чайырынын дистилляциясынан алынат. И. боёкторду (мис., изохинолиндүү кызыл) жана дары-дармектерди синтездөөдө баштапкы продукт. Анын ядросу И. алкалоиддер курамына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү