Из туурамай
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүЖетекчисинин талабы боюнча, катышуучулар белгиленген аралыктан кайсыдыр айбандын бирөөнүн басканын туурап өтүшөт. Оюн өзүлөрү каалаган убакытка чейин уланат да, оюндун шартын жакшы аткарганы жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүТапшырмадан чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюга болбойт.
Оюндун мааниси
түзөтүүАр кандай ыкма менен басуунун жолдорун үйрөтөт, айбандар жөнүндө кеңири түшүнүк берилет.