«Көөкөрчө кылып ийдирген, Кыл кыяк чаап чийдирген» (Тоголок Молдо).
Бул — жыгаччылардын аспабы. Аны чеберлер курч темирден тууган айдай кылып жыгачтан жумуру саптуу жасайт. Ал жыгач идиштерин оюп-жонууга жана кырууга шартташат. Иштегенде эптүү болушка 30—40° ийип, атты такалоо учурунда туякты тазалап, өсүп кеткен жерин тегиздөөдө да колдонулат. Анын мизи бир эле жагында болот да, калыңыраак кара болоттон кармалып, кабелтең келип, сабы темири менен чалгы сымал ашталып, кармоочго колго токтомдуу келет.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)