Ийне жалбырактуулар - (лат. Coniferales) жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн классчасы (Pinidae) же классы (Pinopsida). Дарак, кээде бадал, бийиктиги 150 м, диаметри 6-10 мге (секвойя) жетет да, кээ бири 4 миң жылга чейин өсөт. Алардын жалбырактары көп жылдык (дайыма жашыл, кээде жалбырагын күбүмө), формасы ийнедей, айрымдарыныкы түрпүдөй. Өркүнгө бирден же бир нечеден топтошуп жайгашкан. Жаш бутактын түп жагында аталык, уч жагында энелик тобурчактары болот. Аталык тобурчагынын микроспорофиллдеринин астыңкы бетинде микроспоралар (чаңчалар) өөрчүйт. Энелик тобурчагынын эки түрдүү мегаспорофиллдери болот: сырткы тукумсуз, ал эми ичкисинде эки урук-бүчүр калыптанат. Урук-бүчүрдөгү энелик клетка уруктангандан кийин 2-15 үлүштүү түйүлдүк өөрчүйт. Ийне жалбырактуулардын уругунун сырты катуу (сибирь кедри), кээде ширелүү жемиш сымал (тисс) же эттүү (арчалар) болот. Айрымдарынын уруктарындагы канатчадай өсүндүлөрү алардын аба агымдары аркылуу таралышына жардам берет. Жер жүзүндө 560тай түрү, 55тей уруусу белгилүү, көбүнчө эки жарым шардын мелүүн алкагында өсөт; Евразия жана Түндүк Америкада ийне жалбырактуу токойду түзөт. КМШ өлкөлөрүндө 8 уруусунун 60тай түрү өсүп, жалпы токой аянтынын 78%ин түзөт. Кыргызстанда 3 тукумунун жапайы 14 түрү кездешет. Алардын көп түрү курулушга, кагаз-целлюлоза өндүрүүдө, кеме курууда, отун жана химиялык заттарды алууда чоң роль ойнойт. Айрым ийне жалбырактуулардын уругу желет, май алынат. Көпчүлүк ийне жалбырактуулар кооздук үчүн өстүрүлөт.

Chamaecyparis obtusa.

Колдонулган адабияттар түзөтүү