Ийне менен дарылоо (акупунктура) — организмдин жумшак ткандарына атайын ийнелерди сайып дарылоошондой Бул ыкма Кытай, Корея, Япониянын байыркы элдик медицинасынан келген. Европада 17-кылымда таралып, рефлекстик дарылоо ыкмаларына кирет.

Акупунктура схемасы

Дененин белгилүү жериндеги точкаларга сайылган ийне нерв учтарын дүүлүктүрүп, дүүлүгүү мээге же жүлүнгө жетет, андан ар кайсы органдарга келип, кээ бир ооруларда жакшы натыйжа берет. Оорунун оордугуна жараша Ийне менен дарылоо ооруканада же бейтапканада четки нерв системасынын ооруларында, уйку качканда, зат алмашуунун бузулушунан, травманын жана башка кесепетинен пайда болгон муун-булчуң ооруларында колдонулат. Ийне менен дарылоону дарыгер жүргүзөт.




  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8