Икона (грек. εἰκών – сүрөттөө) – көркөм искусство тарыхында сыйынуу предмети болуп эсептелген диний живопистин станоктук чыгармасы, к. Иконопись макаласын. Адатта И. христиан кудайынын же ыйыктарынын, кээде «ыйык китептин» сүрөттөлүш­төрүнүн символдук түрдө элестүү тартылышы болуп саналат. И-нын сюжети менен композициясы катуу канондоштурулган (эрежелештирип кабыл алынган) үлгүлөрдү сактап калыш үчүн чиркөө икона тартуучуларды атайын «түп нускалар» менен жабдып турушкан. Алар «беттик» жана «түшүндүрмө» түп нускалар болуп бөлүнөт. Иконанын борбордук ири сүрөттөөлүшүн көп сандагы майда сүрөттөлөр коштоп жүрөт. к. Клеймо макаласын. И. адатта жыгач тактанын үстүндө аткарылып, левкастын үстүнөн жумурткадан жасалган боёктор менен тартылган. Сүрөттүн жалпы көрүнүшүн жана анын башка бөлүктөрүн көп учурда ныгырылып оюу түшүрүлгөн жука металл барактарынын үстүнөн бекитилген басма жаап турган (XVI кылымда кеңири тараган).

Колдонулган адабияттар түзөтүү