Икона тартуу ― көркөм искусство тарыхында – негизинен христианствонун чыгыш бутагы болуп эсептелген православие динин туткан мамлекеттерде чыгармалары сыйынуу – табынуунун объекти болуп калган диний станоктук живопись тармагы. И. т. көп кылымдар бою эрежелештирилген (канондоштурулган) чиркөө сюжеттерин, композициялык схемалары өзгөрбөгөн, техникалык ыкмалары бар традициялык абстракттуу символикадагы көркөм искусство, к. Икона макаласын. И. т. эрежелери Византия үлгүлөрүнөн келип чыккан. Византиялык И. т-нун жолун жолдогон байыркы орус И. т-нун бир нече мектептери болгон: алардын эң башкысы – Новгороддук жана Москвалык И. т. Бир нече жүз жылдар бою байыркы Русь жана Византия элдик көркөм таланттар өздөрүн негизинен И. т-да көрсөтүп келишкен, себеби ал учурда граждандык живопись болгон эмес. Таланттуу сүрөтчү – икона тартуучулар чиркөөлүк катуу регламентация ичинде, техникасы жагынан гана кылдат болбостон ички көркөмдүүлүгү жагынан да чебер, өз туюмунда реалдуу чындыкты шарттуу чекте чагылдырган чыгармаларды жаратышкан. Мындай эмгектерге XV кылымдын башындагы атактуу устат Андрей Рублёвдун иштери мисал. XVIII кылымда граждандык живопистин өнүгүшү менен И. т. өзүнүн көркөм өнүгүү жөндөмүн жоготкон жана механикалык кесипке айланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү