Илимдер Академиясы кырка тоосу
Илимдер Академиясы кырка тоосу - Памирде меридиан багытында созулуп жатат. Узундугу 110 кмдей. Эң бийик жери 7495 м (Коммунизм чокусу). Палеозойдун чөкмө жана метаморфизмделген тоо тектеринен, чанда граниттен турат. Кыр жагына альп рельефи мүнөздүү. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 660 км2ге жетет. Ири мөңгүлөрү Федченко, Гармо ж. б. Ландшафты гляциалдык-нивалдык жана субнивалдык. Кырка тоону Н. Л. Корженевский алгачкы жолу изилдеген. 1927-ж. СССР ИАнын наамынан аталган.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5