Илимий адабият - илимий изилдөөнүн жана теориялык жыйынтыктоонун натыйжасында пайда болгон кол жазма жана басма түрүндөгү чыгармалардын жыйындысы.

Илимий изилдөөнүн жүрүшү, анын натыйжасы, илимдеги соңку жетишкендиктер жана жаңылыктар менен адистерди, илимпоздорду кабардар кылуу максатында илимий адабияттар дайыма таратылып турат. Илимий адабияттын мазмунун ошол өзү, б. а. илимпоз ачкан идея, факт, закон жана категориялар түзөт. Илимий иштин натыйжасы кагазга түшүрүлбөсө, анда ал бүткөн иш катары бааланбайт. Эгер илимий ачууга байланыштуу приоритет жөнүндө маселе козголсо, илимий эмгекти басма сөзгө жарыялоо зарыл.

Адепки илимий чыгармалар трактат, диалог, «акыл-насыят», атүгүл ыр (ода, поэма) түрүндө да жазылган. Илимий адабияттын мындай формалары кийин монография, обзор, макала, доклад, рецензия, геогр. баяндама (очерк), кыскача билдирүү, автореферат, реферат ж. б. менен алмашты. Илимий адабиятка басма сөздө жарыяланбаган илимий изилдөө иштери жөнүндөгү отчёттор, диссертациялар (кийин алардын негизинде монографиялар жазылышы мүмкүн) да кирет.

Илимий хехникалык революцияга байланыштуу 20-кылымдын ортосунан илимий эмгектерди жарыялоонун, маалымат берүүнүн өтө көбөйүшү илимий адабияттарды басып чыгаруунун структурасына бир топ өзгөрүү киргизди. Мис., илимий жаңылыктарды өз убагында таратуу үчүн макала жыйнактары, журналдар, бюллетендер көбүрөөк чыгарылып, депозит жана препринт системалары сыяктуу жаңы формалар пайдаланыла баштаган.

Илимий информациялык адабият да басмадан чыккан китептердин өз алдынча тобу катары бөлүндү. Мында адеп басма сөзгө жарыяланган илимий эмгектер талданып, өз ара байланышы изилденип, библиографиялык баяндама, реферат ж. б. түрүндө кайра иштелип чыгат. СССРде илимий адабият «Наука» жана союздаш республикалардагы илимий адабият басмаларынан (УССРде «Науково думка», БССРде «Наука и техника», Казакстанда «Гылым», Кыргызстанда «Илим» ж. б.) чыгып турчу. Булардын үлүшүнө басмадан чыккан бардык илимий адабияттын 55% туура келет.

Илимий адабияты «Мысль», «Мир», «Прогресс» басмалары, ири окуу жайлардын, илимий изилдөө институттарынын басмалары да чыгарат. Илимий адабият басып чыгаруу жагынан СССР дүйнөдө алдыңкы орун ээлеген; 1974-жылы 14490 наамдагы (29081 миң даана) илимий адабият басылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9